Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын кызматкерлери менен бирдикте коомдук унаа каттамдарынын башкы тыныгуу жайына барып жеринен айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын малыматы боюнча учурда борбордо күн сайын 116 автобус (БПАТП), 117 троллейбус (БТУ) жана 960 жүргунчу ташуучу маршурттук кичи автобустар каттамга чыгууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 илдетин таралышына жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус, троллейбус жана кичи автобустардын айдоочулары илдеттин жайылып кетишине жол бербөө үчүн кандай шарттарды түзүшкөн, жеке санитардык эрежелерди так сактоодо, бет кап жана кол кап колдонулуп, жүргүнчүлөр менен аралыкты так сактоо шарттары жүрүзүлүүдөдеген суроолор менен текшерилди.

Эрте менен каттамга чыгууда унаалардын техникалык абалын текшерүү шарттары, айдоочулардын медициналык көзөмөлдөн өтүү шарттары, ар бир каттамга чыгууда унаалардын ичин дизинфекциядан өткөрүлүшү, ошол менен бирге айдоочулар жол эрежесинин талаптарына сактоо, жол кырсыктарын алдын алуусу көзөмөлдөндү.

Ошону менен бирге коомдук унааларда тазалыктын сакталышы, санитардык нормаларга жооп берүүсү шарт экендиги белгиленип, эгерде автоунанын техникалык жактан бузулуулар же кемчиликтер жана айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин сактабай турган болсо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жана мыйзамдарынын негизинде чара көрүлөрү эскертилди.

МККБы Басма сөз кызматы