“Манас” эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-майында Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мекенине 58 КР жараны кайтып келди.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү КР жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда.