Экономика
Кыргызстандык ишкерлер жылдын биринчи кварталында сыртка 5 миллиард 383 миллион 900 миң сомго азык-түлүк чыгарган
2020-жылдын биринчи кварталында айыл чарба продукцияларынын экспорту 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
«Тамак-аш үч багытта экспорттолот. Мал, жер—жемиш жана кайра иштетилген продукция. Бардык багыттарда тең сыртка чыккан товарлардын көлөмү өстү. Өзгөчө тирүү мал, кургатылган жемиш, жаңгак, сүт азыктары көп сатылды«, — деди Чодуев.
Акчалай түрүндө эсептегенде, кыргызстандык ишкерлер жылдын биринчи кварталында сыртка 5 миллиард 383 миллион 900 миң сомго азык-түлүк чыгарган. Учурда сыртка эч тоскоолдуксуз товар эскпорттоого 137 кыргызстандык ишкананын уруксаты бар.