2020-жылдын биринчи кварталында айыл чарба продукцияларынын экспорту 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

«Тамак-аш үч багытта экспорттолот. Мал, жержемиш жана кайра иштетилген продукция. Бардык багыттарда тең сыртка чыккан товарлардын көлөмү өстү. Өзгөчө тирүү мал, кургатылган жемиш, жаңгак, сүт азыктары көп сатылды«, деди Чодуев.

Акчалай түрүндө эсептегенде, кыргызстандык ишкерлер жылдын биринчи кварталында сыртка 5 миллиард 383 миллион 900 миң сомго азык-түлүк чыгарган. Учурда сыртка эч тоскоолдуксуз товар эскпорттоого 137 кыргызстандык ишкананын уруксаты бар.