Саясат

Абылгазиевдин жогорку билим тууралуу тараган маалыматка өкмөт жооп кайтарды

АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянында жогорку билимин тастыктаган дипломду Кыргызстан Эл Аралык университетинен кантип алды? деген маалымат тараган. Бул айтылган маалыматка Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгулов буларды билдирди.

«Кесиптештер Aдилет Хакимов мырзанын жазганы калп, жалган маалыматты таратканыбыз дурус эмес, ал үчүн да мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Aдилет Султаналиев азыр расмий маалымат берет тийиштүү документтерди тиркеп. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык университети да жооп даярдоодо. Сабырдуу болсок өтүнүч!»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-майда АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянын окуп чыгып, кызыктуу фактка туш болгонун facebook социалдык тармагындагы баракчасына төмөндөгүдөй пост кылып жазып чыккан. Анда:

«Өмүр баянында Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес бөлүмүн аяктаган деп айтылат. 1993-жылы ачылган Кыргызстан эл аралык университети 1997-жылы өзүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрүн уясынан чыгарган. Мен ушул окуу жайдын экономика жана бизнес факультетинин биринчи 60 студентинин катарында болчумун, мен староста болгондуктан, алардын бардыгынын аты-жөнүн так билем. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Мен бир нече курсташтарым менен да такташтым, Абылгазиев алардын да эсинде жок. Кыргызстан эл аралык университетинде сырттан окуу бөлүмү да болгон эмес. Кызык, Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университеттин дипломун кантип алды? Бирок таң калып эмне, биздин өлкөдө баары мүмкүн«,- деген билдирүү калтырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button