Кыргызстанда 2020-жылдын 8-июнунан баштап ички рейстердин иши жанданат. Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет. Бул тууралуу КР Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.