Республикалык штабдан маалымдагандай Кыргызстандын шартында карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү.
2020-жылдын 1-июнунан тартып:
– Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
-Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
-Аудит жана консалтингдик компаниялар;
– Жарнама агенттиктери;
– Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.