Ашыгып 18 жашта турмушка чыктым. Кыргыздын ар бир сөзү таамай айтылган шашкан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе этеги жерге жетпейт деген. Жолдошум шуулдаган каранын сулуусу. Экөөбүз жаштыкка мас болуп жашап калдык, көп өтпөй боюма бүттү. Биринчи курсту ошентип соңуна чыкпай окуудан калдым. Айылга кеттик. Жолдошум досторуна жолугуп, үйгө кеч келет. Ошентип жүрүп коңшу айылдагы бир кыз менен таанышып, анын да боюна бүтүргөнгө жетишиптир. Аны угаар менен таарынып шаарга келип алдым. Курсагымдагы 8 айлык болуп калган. Тиги кыздын атасы кыйын экен мен кеткен соң, кызын үйгө алып келип отургузуп кетиптир. Шаарда батирде турам. Таэжелерим, апамдар жардам берет. Убакыт келип,эсен аман көз жарып, уулумду кучактап отуруп калдым. Азыр 7 айлык болуп калды, кылыгы чыгып, тиштери чыгып күндө бир жаңы кылыгы менен кубандырып турат.Жолдошумдан дарек жок. Бир эки жолу балама деп акча салымыш болду. Кыянат кылган атаны көрбөй эле койгону оң баламдын. Апамдар болду эми унут аны, жаңы жашоо башта дешүүдө. Апамдын сиңдиси бар , тогуз жыл болду турмушка чыкканына дагы деле балалуу боло элек. Бат-баттан келип кабар алып турушат. Балама кийим кече алып берет. Ошол таэжем апама айтып менин баламды багып алам деп жатыптыр. Ал жаш 20га эми чыкты, дагы турмушка чыгып төрөп алат деп жатыптыр. Тогуз ай көтөрүп жүрөк алдымда алып жүргөн баламды бир эсе бергим келбей жатат. Апам айтат эгер экинчи жолу турмушка чыксаң, барган жериңде бала батпайт дейт. Таэжеңе берсек балага зар болуп журөт башына коюп багат дейт. Азырынча көңүл жарасы бүтө элек турмушка чыгуу деле оюм жок. Эркектен көңүл калды. Экинчиден өзүмдү тилдейм, бактым үчүн күрөшүп отура берсем болмок деп. Кайра кеткеним жакшы болду, жамандан бат кутулдум деп ойлоп кетем. Айтор, башымда толгон санаа. Кандай кылсам… Кыздарга айтаар элем, көз менен көркөмүнө, кулак менен сөзүнө алданбай, жүрөктү тыңдап турмуш жолго аттанган артык экен.