Кыргызстанда коронавирус илдетинин биринчи учуру катталган аймак Жалал-Абад областы болуп эсептелет эмеспи. Өзгөчө кырдаал режими да биринчи Сузак районунан башталып, кийин өзгөчө абал Жалал-Абад шаары жана Сузак районуна киргизилген. Бул учурларда Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңеши кандай жумуштарды алып баргандыгы менен таанышуу үчүн областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковнги Исаков Капарбек Усенович менен кыкача маек курдук.

Капарбек Усенович саламатсызбы? Өлкөбүздө жаралган кырдаал боюнча айта кетсеңиз жана карантин учурунда сиз жашаган областтын аймагында кандай жумуштар аткарылып жатканын байкадыңыз?

— Саламатчылык. Бүткүл дүйнөнү дүңгүрөтүп, адамзаттын ден-соолугуна коркунуч жараткан таажы илдети пайда болуп, анын кесепети менен канчалаган адамдар бул дүйнө менен кош айтышты. Ал илдет биздин мамлекетибизге да жетип келип, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Благовещенко айылынан башталды. Илдет аныкталгандан тартып бийлик тарабынан өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү бийлик жетекчилиги ОИИБ, ӨКМ, областтык саламаттыкты сактоо кызматкерлери бардыгы биригишип, илдеттин алдын алуу боюнча чараларды көрө башташты.

Өзгөчө абал учурунда областтык ардагерлер кеңеши кандай иш алып бардыңыздар?

— 2020-жылдын 25-март күнү өлкөбүздүн айрым шаар-райондоруна өзгөчө абал киргизилди. Тактап айтканда Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаары жана Сузак районуна өзгөчө абал киргизилип, комендант дайындалып, штаб түзүлүп, блок-посттор коюлду. Милиция кызматкерлери, медицина жана ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте алдыңкы катарда өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта болуп бир муштумдай биригишип, уюшулгандыкта иш алып барып жатышты. Ушундай оор абалда ИИОнун ардагерлери тарабынан областтын аймагында илдеттин алдын алуу жана тарап кетишин болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери өздөрү жашаган жерлеринде жүргүзүлүп жатты. Ал эми кээ бир райондордо ардагерлерибиз айыл жерлеринде уюштурулган блок-постторго элдик кошуундар менен бирге турушуп, аларга баш-көз болуп, коюлган тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөп, кырдаалды жөнгө салып жатышты. Ошондой эле алгачкы күндөрү кайдыгер эмес ардагерлерибиз блок-постто кызмат өтөгөн кызматкерлерге ысык тамак-аштарды уюштуруп берип жатышты.

— Карантин маалында милиция кызматкерлеринин эл арасында жүргүзүп жаткан жумуштарына кандай баа бересиз?

— Өзгөчө абал учурунда милиция кызматкерлери дагы да болсо өздөрүнүн мамлекет алдында берген антын бийик тутуп, элибиздин коопсуздугу, тынчтыгы жана саламаттыгы үчүн ар дайым кызмат кылаарын далилдеп көрсөтүштү десем жаңылышпаймын. Анын жыйынтыгында эл арасында милиция кызматкерлерине болгон ишеним мурдагыдан да жогорулап, канчалаган ыраазычылыктар ИИОнун дарегине айтылып жатты. Мен ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин атынан комендант Жеңиш Жоробековго, ОИИБдин башчысы Кылычбек Жолдошовго жана өздүк курамга ден соолук, иштерине албан ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт каалап кетем.

— Сизге эркин кайрылуу.

— Ал эми бул илдеттен элибиз тез арада кутулуп, мурдагыдай жашоого келишибизди тилеймин. Биз ардагерлер мамлекетте кандай гана кырдаал түзүлбөсүн ар дайым элибиздин коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн өзүбүздүн салымыбызды кошуп келебиз жана кошууга даяр экендигибизди белгилеп кетемин. — Маегиңизге чоң рахмат.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы