Бүгүн, 29-майда Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 17 жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттарын тапшырды. Көрсөтүлгөн жардам министрликтин эсебине кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди.

Мындай маалыматты министрдин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. “Коронавирус дарты менен күрөшүүдө, адамдардын дем алуусу оорлошуп, жасалма дем алдыруучу аппараттар кыйналган оорулууларды сактап калууда абдан чоң чечүүчү роль ойнойт.Ошол эле учурда пневмония дарты менен алышкан жарандарга дагы бул абдан керектүүү жабдык. Матраимов фонддун мындай жардам көрсөтүсү абдан олуттуу, бүгүнкү кырдаалга эӊ керек болуп эсептелинет.

Бүгүн, сегиз стационардык, тогуз мобилдик ИВЛ аппараттарын берди. Буга чейин дагы 2 ИВЛ аппаратын берип, алар регионго жөнөтүлгөн. Бүгүнкү жабдыктарды дагы региондордогу ооруканаларга жеткирип бөлүштүрүп беребиз”-деди ал. Заманбап үлгүдөгү жабдыктар учурдагы ылаӊга эле эмес, башка убактарда дагы адам өмүрүн сактап калууга бирден-бир керектелүүчү жабдык экенин кошумчалады. “Бир гана пандемия менен күрөшүү учурунда эмес, жөнөкөй жай убакта дагы бул аппараттарды баасы абдан чоң” — дейт министрдин орун басары.

Кайрымдуулук фонддун өкүлү Искендер Матраимов, “Саламаттык сактоо тармагына жасалма дем алдыруучу жабдыктардын зарылчылыгын эске алып, ИВЛ аппараттарын алып бердик. Бүгүнкү күндө дүйнө эли коронавирус ылаӊынын кесепетин жоюу менен күрөшүп жатат. Анын алкагында, биздин фонд дагы өлкө ичинде тийешелүү жардамдарын көрсөтүүдө. Жасалма дем алдыруучу жабдыктардын жардамы станционардык ооруканаларда дарыланып жаткандарга жардамы тийип, айыгып, арабызга кайтып келишине тилектешмин” — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, И.Матраимов кайрымдуулук фонду COVID-19 ылаӊына байланыштуу өзгөчө кырдаал убагында 250 000 медициналык бет кап, вирустун белгилерин ыкчам көрсөтүүчү 20 000 эксперсс-тесттер, 500 коргоочу костюмдар жана 500 коргоочу көз айнектерин беришкен.

Мындан тышкары мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом, жардамга муктаж калктын катмарына ун, өсүмдүк майы жана азыктар салынган баштыктарды таратып беришкен.