Коом
Эртең Жалал-Абадда мектеп бүтүрүүчүлөрү көзөмөлдө болот
Эртең, 30-май күнү окуу жылы аяктап жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад шаар аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрү көзөмөлдө болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөргө автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, кафе-ресторандарда бүтүрүү кечесин өткөрүүгө жана табият койнунда эс алууга тыюу салынат. Ага байланыштуу тиешелүү тармактардан түзүлгөн топ рейд өткөрөт.
Андыктан тиешелүү чечимге баш ийип, эреже бузбоого чакырабыз! Ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна кайдыгер карабоону эскертебиз!