Кылмыш-кырсык
Киевде атышуу болду
Бүгүн,29-майда Киев облусунун Бровары шаарында 100гө жакын адам катышкан атышуу орун алды. Атышуудан үч адам травматикалык октон жаракат алганын Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлады.
«Броварыдагы таңкы атышуу — ташуучуларга квота бөлүштүрүүдөгү коррупциянын, ташуу маршруту үчүн күрөшкө бандаларды тартуунун жаңырыгы. Дарылайбыз. 10 адам кармалды. Жапырт кармоо улантылууда», — деп ички иштер министри Арсен Аваков «Твиттерге» жазды.