Таиланд өкмөтү 1-июлдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салып, эл аралык аба каттамдарын ачуу ниетин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«1-июлдан баштап коронавирус пандемиясынан улам ишкердикке жана иш-аракеттерге коюлган бардык чектөөлөр алынат. Өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат алынып, провинцияларга жана чет өлкөлөргө чыгууга уруксат берилет», — деп жазылат маалыматта.