Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаттары Жыргалбек Бабаев менен Бактыбек Жумашев бүгүн , 29-майда  басма сөз жыйын өткөрүштү.

Алар депутаттын мүлкү, декларация тууралуу маалымат беришти. Адвокат Жыргалбек Бабаев 2005-жылга чейин Жумалиевдин менчигинде бир батир жана бир нече жер тилкелери болгонун айтты. 2005-2015-жылдары депутат ишкерлик менен алектенгенин, көптөгөн компания, фирмалар ушул мезгилде ачылганын, анын көбү билим берүү тармагындагы ишканалар экенин жана коммерциялык максатты көздөбөгөнүн билдирди. Адвокаттардын айтымында, учурда Жумалиев ачкан компаниялардын сегизи гана бар. Алар 2015-жылы депутат болгондон кийин сегиз компания үчүнчү тараптын башкаруусуна өткөрүлүп берилгенин, азыр анын бул фирмаларга катышы жок экенин айтышты.

Ал эми мындан башка 42 фирма башынан эле жакшы иштебей, кийинчерээк токтоп калганын, көбү жабылганын, калганы жоюлуу алдында турганын, ошондуктан алар депутаттын кирешелери тууралуу деларациясына кирбегенин кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кубанычбек Жумалиев учурда Байтик Баатыр көчөсүндөгү батирге жана Эркиндик көчөсүндөгү жер тилкесине ээ. Анын жубайынын Түлеев жана Шопоков көчөлөрүндө кыймылсыз мүлкү бар. Депутаттын балдары жер тилкесине жана батирге ээлик кылат.

«Бул мүлк Жумалиев ишкерлик менен алектенгенде алынган. Бардык документтер бар. Керек болсо тергөө органдарына беребиз»,- деди Жыргалбек Бабаев.

Эске салсак, буга чейин  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюча мамлекеттик кызматы  Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандаган мүлк аныкталганын билдирген.