Бүгүн Фейсбук баракчасынын колдонуучучулардын бири учурдагы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин дипломуна шек жараткан пикирин жазган эле. Анын пикирин утурлай эле айрым ММК булактарында Абылгазиевдин диплому жасалмабы деген сыяктуу маалыматтар тараган.  Мухаммедкалый Абылгазиев окуган жогорку окуу жай анын окуганын тастыктаган  документти архивден алып чыгып, маалымат берди.

Кыргызстан Эл аралык университетинин Академиялык консорциуму Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин магистратураны аяктагандыгы тууралуу дипломунун жасалма эместиги боюнча ММКларда жарыяланган маалыматтарга карата тактоо киргизгиси келет.

Кыргызстан эл аралык университетинин Академиялык консорциуму администрациясы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин магистратураны аяктагандыгы тууралуу дипломунун жасалма эместиги боюнча ММКларда жарыяланган маалыматтарга карата тактоо киргизгет.

Республиканын учурдагы Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев университеттин иш-кагаздарына ылайык 1995-жылы «Экономика жана бизнес жогорку мектеби» магистратурасынын күндүзгү окуу бөлүмүнө «Банк иши» адистигине тапшырып, 1997-жылы аяктаган. Муну төмөндө келтирилген банк иши боюнча мамлекеттик сынак тапшырганы тууралуу № 7 протоколдун, ошондой эле ошондогу бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнүнүн тизмеси бар архивдик документтердин көчүрмөлөрү күбөлөндүрүп турат.

(Эскертүү: КР премьер-министринин аты-жөнүн жазылышында айырмачылык бар жана башка расмий булактарда да  буга жол берилип келет)

Университеттин архивинде келишимдик окуу үчүн акы төлөө боюнча бухгалтердик документтер, студент Мухаммедкалый Абылгазиевди магистратуранын II курсуна которуу тууралуу буйрук жана рапорт, ошондой эле магистрдик диссертациянын бекитилген темалары көрсөтүлгөн документтер бар.  Өкмөт башчы «Баалуу кагаздар менен банк операцияларын экономикалык талдоо» темасында диссертациясын жактаган.

1995-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинде Билим берүү министрлигинин айрым каршы болуусуна карабастан, студенттерди эки деңгээлде даярдоочу Болон системасы иштеп жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз. 2002-жылы университет билим берүүнүн жогоруда аталган тутумуна кошулуусу тууралуу хартияга расмий кол койгон. Натыйжада, КЭУ аталган тутумду киргизүүдө пионер катары саналып, ал эми Кыргызстандын учурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев күндүзгү магистратуранын алгачкы кабыл алуусунун бүтүрүүчүсү болуп саналат.

Өкмөт башчы КЭУну аяктаган бир катар мамлекеттик бийлик орган өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин, саясатчылардын катарына кирээрине басым жасап кеткибиз келет. Биздин ЖОЖдо Улуттук банк жетекчиси – Т.Абдыгулов, КР Антимонополиялык комитетинин Чүй облустук башкармалыгынын начальниги – А.Жакыпов, КР ТИМ коомдук кеңешинин жооптуу катчысы – У.Ахметов, экс-премьер-министр С.Исаков жана башкалар окуган.

Кыргызстандын Эл аралык университетинин Академиялык консорциумунун администрациясы ЖМК өкүлдөрүн жана жарандарды элди адашууга түрткөн мындай маалыматтарды текшерүүгө чакырат. Биз бардык суроолорго жооп берүүгө ар дайым даярбыз!