Өкмөттүн алдындагы Мамлекттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымат үчүн: “Нарын ГЭС” ААКы — ГЭСтерди куруу менен алектенген Кыргызстандагы бирден-бир ишкана, 90% мамлекеттин үлүшү менен.

Акыркы жылдары “Нарын ГЭСи” чыгым келтирүүчү ишкана болгону маалым, эске салсак, 2018-жылдын май айында жумушчулар митингге чыгууга аргасыз болушкан. Алардын айтымында, митинг төрт жылдан бери маяна төлөнбөй калгандыгына байланыштуу уюштурулган.

Азыркы учурда 2020-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, «Нарын ГЭС» ААКы 26 миллион сом киреше тапкан, эмгек акыны өз убагында төлөө маселеси чечилди, жумушчу техниканын 30%ы калыбына келтирилди.

Эгерде 2019-жылы компания салыктык төлөмдөр катары — 2,9 миллион сом төлөгөн болсо, 2020-жылдын биринчи кварталына гана — 14,2 миллион сом төлөдү.

Социалдык фондго 2019-жылга — 1,4 млн сом төлөнгөн болсо, 2020-жылдын биринчи кварталында — 2,5 млн сом төлөгөн. 2019-жылга эмгек акы 11,8 миллион сом өлчөмүндө төлөсө, ал эми 2020-жылдын I кварталында — 19 миллион сом төлөндү.