Болмуш
Жаш көрүнгүм келбейт. Өзүмө 39 жашым жагат. Сымбаттуу болуп көрүнүүгө тырышпаймын.
Болгону ойлогонумду жүзөгө ашыруу үчүн күч-кубатым жетсе экен деймин.
Мага өтө кымбат, өзгөчө дүнүйөлөр кажет эмес. Элдин эсинде кала ала тургандай болсом болду.
Кезектеги жеңишке жетсем деп талпынбаймын. Бүгүнүм канчалык да кубаныч тартуулоору маңыздуу.
Сыноого чыдоо? Колдон келет. Бирок, чыдагым келбейт. Бүгүнкү көтөрүңкү маанайымды бузбай эле койоюнчу.
Эл не дейт деп убайымдоо? Мен үчүн маанилүү эмес. Ушул калпымда өзүмдө жагамын. Баарына үлгүрсөм деп чарчап-чаалыгуу?
Жок, жетет. Анын баары баштан өткөн. Андан да велосипед тепкен жакшы.
Айланаңа жалаң пайдалуу адамдарды жыйноо? Өзүңдү коопсуз сезинүү үчүн? Керек эмес. Андан көрө жанымда «өз үйүмдө» жүргөндөй сезген рухташ адамдар болсун. Ушул тынчтык — күч-кайратымды эселейт. Дарыга кеткен чыгашаны гүлгө алмаштырсам деймин. Сулуулук — жанга шыпаа.
Келечектен, өзгөрүүдөн коркуу? Мүмкүн. Алдымда далай сюрприз күтүп тураар. Жакшылыктын лимитин али түгөтпөдүм. Акча? Маңыздуу эмес. Жок, өтө маңыздуу. Ар дайым бар болсун.
Жанымда ар качан таң калдырып, кубанта алчу кишилер болсун. Сиздер!
Соңку үч жылда «рахматты» айтканды үйрөндүм. Азыркыдай көп күлбөгөн чыгаармын. Бет-жүзүм күлкүдөн өзгөрүп кеткендей.
Бакыт адамды сулууландырат.
Жөн гана карапайым сулуу болгум келет!

Ш. Әбілда