Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) алдында ачылып жаткан Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалынын имаратына капсула салынды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, капсула салуу иш-чарасы бүгүн, 29-майда өтүп, ага ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин катышты.

Филиал Ош мамлекеттик университетинин алдында ачылат. Окуу имаратынын сметалык баасы 76 млн сомду түзгөн, курулушту толугу менен ОшМУ каржылайт. Окуу жайдын имаратын 2020-жылдын күз айларына бүткөрүү пландалган.

«Алгач 60-90 абитуриент кабыл алуу пландаштырылган. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет. Филиалда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу башталышы күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргыз Республикасынын жана Россия федерациясынын президенттеринин жолугушуусунда мамлекет башчылар тарабынан колдоого алынган.

Бүгүнкү күнгө чейин ОшМУ Россиядагы бир топ жогорку окуу жай менен эки тараптуу келишимдердин негизинде жыл сайын академиялык мобилдүүлүк жүргүзүп, он-лайн лекцияларды уюштуруп, ири долбоорлорду ишке ашырып алгылыктуу иштерди аткарып келет. Ар семестрде 30га жакын студент-магистранттар, 100гө жакын илимпоз-окутуучулар Екатеринбург, Белгород, Нижний Новгород, Оренбург шаарларына барып, билим алып, тажрыйба алмашып келет.

Белгилей кетсек, 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар.

Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.