Индияда дин кызматчы сыйынуучу жайга барган жергиликтүү тургундун башын кесип салды. Бул тууралуу «Hindustan Times» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы Сансари Ожа — «Брахмани кудайы» сыйынуучу жайынын дин кызматчысы. Ал кудайга сыйынып жаткан 55 жаштагы жарандын башын кескен. Кийинчерээк Сансари Ожа полицияга өзү барып, ал коронавирусту жеңүү үчүн кудай Брахманинин буйругу менен өлтүргөнүн айткан.

Бирок буга чейин манго багына байланыштуу маркум менен дин кызматкери көптөн бери урушуп жүргөнү белгилүү болду.

Булак: Баракелде кж