Сени уйкусуз түндөр чарчатабы, же күздүн келиши мурдуңду бырылдатып, тамагыңды кычыштырабы? Дарыканага чуркагандан мурун бул 14 жашоого керектүү лайфхактарды окуп ал.

Булар лайфхактар гана эмес, биздин организмдеги 14 кызыктуу факт. Муну мектептен окутпайт жана анатомия китебине жазбайт.


Ар кимдин организми өзгөчө болот дечи, бирок көбүнө жардамы тиет. Сен да өзүңө бир байкап көр!

1. Эгер сени уйкусуздук кыйнап жатса, жөн гана бир мүнөт бат-баттан көз ирмеп кой.

2. Душка түшүп жатканда, эң акырында муздагыраак сууга чайкан. Бул теринин кургашынан сактайт. Муздак суу теридеги майда тешикчелерди ичкертип, бактерияларды ичке өтүүдөн сактайт.


3. Туалетке баргың келип, чыдабай жатсаң, жөн гана секс жөнүндө ойлонуп кой.

4. Эгер маанилүү доклад жасай турган болсоң, чыгаар алдында бир жолу үнүңдү чыгарып окуп кой, жакшы эстеп каласың.


5. Илимий изилдөөлөргө ишенсек, оң кулак адамдын сөзүн жакшы кабыл алат, сол кулак болсо – музыканы.

6. Эгер керебетте жатып башың айланганын сезсең, бир бутуңду полго түшурүп кой.


7. Башың катуу ооруп жатса, колуңду муздуу сууга сал.

8. Чиркей чаккан жериңе кургак дезодорант сүйкөп койсоң, кычышканды токтотот.

9. Эгер күтүүсүздөн уйкуң келип баштаса, демиңди мүмкүн болушунча көпкө кармасаң, уйкуң ачылат.

10. Күтүүсүздөн күлкүң келип баштаса, өзүңдү чымчып ал.

11. Мурдуң бүтүп жатса, төшөгүңдүн башына аарчылган пияз коюп кой.

12. Тамагың кычышса, кулагыңдын ичин чукуп көр.

13. Тишиң ооруса, муз менен бармак жана сөөмөйдүн арасын сүрт. Жардам берет дешет.

14. Жүрөк согууңду акырындатыш үчүн бармагыңды үйлө.

Анан? Өзүңө текшерип көрдүңбү? Жыйынтыгын бөлүшкөндү унутпа.

Маалымат фейсбук колдонуучу Асылай Атаханованын баракчасынан алынды.