Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы коронавирус менен келгендерди гана кабыл алат. Бул тууралуу аталган жайдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Ал клиника толуп калгандыктан, кабыл алуу убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

«»Бүгүн ооруканада 180 бейтап коронавирус менен жатат. Дагы бир себеп — биздин 19 кызматкерден COVID-19дун чыкканы болду. Азырынча абалы абдан оор болуп келгендерден башкаларын кабыл албай турабыз. Андай бейтаптар кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылат», — деди Аалиев.

Анын айтымына караганда, 14 күндүн аралыгында оорулуулардын көбү чыгарылат.

Гүлжигит Аалиев: коронавируска шектелгендер январда эле ооруканага түшө баштаган

«Андан кийин оорукана обсервацияга жабылат. Ал эми бардык кызматкерлерден анализ алынып, медициналык жайды дезинфекциялашат. Ал процедуралар бүткөн соң кабыл алууну улантабыз», – деди ал.