Бүгүн, 30-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +27…+32

Талас облусунда +26…+31

Баткен облусунда +29…+34

Ош жана Жалал-Абад облустарында +29…+34

Ысык-Көл облусунда +21…+26

Нарын облусунда +22…+27

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +29…+31 градус болот.