Каршылык акциялары жума күнү Миннеаполис шаарынын тургуну Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин башталып, алгач ал аталган райондо гана орун алса, кийин АКШнын бир катар ири шаарларын кучагына алган. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс билдирген.

Бүгүн каршылык акцияларына чыккандар менен полиция ортосундагы кагылышуулар Нью-Йоркто, Атлантада (Жоржия штаты), Альбукерде (Нью-Мексико штаты), Фонтанда, Сан-Хосе (Калифорния штаты) жана Хьюстон (Техас штатында) шаарларына орун алган.

Белгилей кетсек, ушундай эле окуя 2014-жылы катталган жана анда Эрик Гарнер деген адам полиция тарабынан өлтүрүлгөн.
Флойддун өлүмү боюнча Джон Бойега, Леброн Джеймс, Бейонсе жана Жастин Бибер өңдүү атактуулар өлкөдө расизм бүтпөй келе жаткандыгына нааразы экендигин айтып чыгышкан.