Бүгүн Ошко Өзбекстан республикасынан гум жардам келди. Жүк поезд аркылуу 30- май күнү эртең менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Темир жол бекетине келип түштү. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жардамды тосуп алуу салтанатына КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбек тараптан Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирзахидов Хуршид Мирсабирович катышышты. Өкмөт өкүлү Өзбек тарапка ыраазычылык билдирип дүйнө жүзүндө пандемия жүрүп жаткан учурда мындай тилектештик жүрөк жылытаарын белгиледи , элчи мырза 2 мамлекеттин ортосундагы достук мамиле , алакалар дагы кеңейтилерине ишенээрин белгиледи.

Хуршид Мирзахидов элчи болуп дайындалгандан кийин Кыргызстанга болгон биринчи сапары. Өкмөттүн өкүлү мындан ары 2 тараптуу кызматташууга чоң салым кошоруна ишеним артып ийгиликтерди каалады. Жардам катары 1000т ун, 60 т гипохлорид , 2500 даанадан респиратор жана медициналык коргоочу кийимдер келди.

Мындан сырткары беткап, мээлей да бар. Аталган жардам ӨКМ жана саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу бардык облуска бөлүштүрүп таратылат . Эскерте кетсек, Өзбек тарап апрель айында да 1000 т ун , мед каражаттарды жөнөткөн. Андан кийин суу сактагычтар улам болгон кырсыкта Кыргыз тарап 1000т цемент, 100т күрүч, 10т өсүмдүк майын жөнөткөн эле.