«Акыркы күндөрү, калк арасында коронавирустун симптомдору менен кайрылган адамдар бар, бирок алар кандай учурда вирус жуктурганы белгисиз. Алардын арасында, соодагерлер, өнөр жай ишканаларынын кызматкелери, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери бар. Демек, бул жумуштан, көчөдөн, транспорт каражаттарынан, соода борборлорунан жана базарлардан вирус жуктуруп алуу коркунучу бар экенин билдирет” – деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, мындай жагдай өзгөчө кырдаал убагында жөнөкөй санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарбагандыктан келип чыккан.

Биз ишкердик субъекттердин, транспорт ишканаларынын, базар жана соода борборлорунун жетекчилеринен санитардык-гигиеналык талаптарды сактоону суранабыз. Андан сырткары, аталган объекттерде кардарлардын дагы беткап кийип жүрүүсү маанилүү. Дагы бир жолу жарандардан беткап жана колкап кийүүнү, коомдук жайларда 2 метрге чейинки социалдык аралыкты сактоону суранабыз”, — деди А. Суракматов.