Бүгүн, 30-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш-чарасы онлайн форматында өткөрүлүүдө. Коронавирус илдетине байланыштуу алардын майрамдык салтанаттарды билим берүү мекемелеринде, эс алуучу жайларда өткөрүүсүнө тыюу салынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу тартип бузуучулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад милициясы коомдук жайларды көзөмөлгө алып жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн көчөлөрдө автоунаалар менен жүрүүсүнө, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда, көлмөлөрдө майрамдык кечелерди өткөрүүсүнө уруксат берилбейт.

Милиция кызматкерлери таң эртеден кайгулдоо багыттарына бөлүнүшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ата-энелерге өз балдарына көзөмөл кылып, жаштардын топтошуп эс алуусуна жол бербөө керектиги эскертилип жатат.