“Баткен облусунда коронавирус илдетин ыкчам аныктоо максатында 18-майдан тартып көчмө лаборатория иштеп жатат. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова билдирди.

Анын айтымында лаборатория күнүнө 150гө жакын ПЧР-анализ алууда. 12 күн аралыгында лабораториядан 1000ден ашык анализ чыгарылды.

Ошондой эле Баткен шаарындагы калкты тейлөө борбору күнүнө 400гө жакын адамды тейлөөдө.

Ал жерде бардык санитардык талаптар сакталган. Келген жарандар электрондук кезекке турушат. Жарандар үчүн керектүү болгон бардык электрондук кызмат көрсөтүү шарттары түзүлгөн. Мындан сырткары, дагы башка калкты тейлөө мекемелеринде санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери тарабынан кызматкерлерге эпидемиологиялык кырдаалда иштөө тартиби боюнча семинарлар өтүп жатат”, — деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова.