Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Россияны кийлигишпөөгө чакырып, каршылык нотасын жиберди. Бул тууралуу тажик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Тажикстан Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавровдун кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу айткандары үчүн нота жиберген.

Тажик тарап Лавровдун айткандарын туура эмес деп эсептеп, эки тарап өзү чечээрин белгилеген.

Эскерте кетсек, Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчулук кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин  Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында билдирген.

«Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончолук жакшы», — деген министр.



fakt.kg