Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек жана спирт ичимдигинин ири партиясын кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Текшерүү учурунда 37 жаштагы кыргызстандык жарандын ири партия менен дары-дармек, спирт ичимдигин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.
Товардын наркы — 3,4 миллион сом деп бааланып, айдоочу жана аланган товар Бажы кызматы менен Финполдун жергиликтүү өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын мекеме өкүлдөрү кошумчалады..