Чек арада ок тийип, абалы оор жоокерди Москвага операция кылууга алып кетишти
Кыргыз-Тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон жоокерди операция кылуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул тууралуу жоокердин агасы Батыр Модонов кабарлады.
«Кечээ, 29-майда кечинде алып кетишти. Ал жактан операция болот экен.
Бирок так датасы белгисиз. Ал эми инимди коштоп жакындары бара алган жокпуз.
Аны дарыгерлер коштоп алып кетишти. Абалында өзгөрүү деле жок», — деди Модонов.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын
8-майында, Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен
тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Ок атышуунун кесепетинен Чек ара
кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган.
Белгилүү болгондой, 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.
Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга
чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү
нотасын жөнөткөн.