Коом

Чек арада ок тийип, абалы оор жоокерди Москвага операция кылууга алып кетишти

Кыргыз-Тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон жоокерди операция кылуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул тууралуу жоокердин агасы Батыр Модонов  кабарлады.

«Кечээ, 29-майда кечинде алып кетишти. Ал жактан операция болот экен. Бирок так датасы белгисиз. Ал эми инимди коштоп жакындары бара алган жокпуз. Аны дарыгерлер коштоп алып кетишти. Абалында өзгөрүү деле жок», — деди Модонов.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 8-майында, Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Белгилүү болгондой, 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.
Ал эми окуя боюнча эки өлкө тең бири-бирин күнөөлөп жатышат. Буга чейин Кыргыз өлкөсү чек арадагы чыр боюнча Тажикстанга каршылык билдирүү нотасын жөнөткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button