Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты.

Догоевди радио жыштык сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кеяээ 29-майда Аскер прокуратурасынын имаратында суракка алышкан. Маалым болгондой, бул иште ал күбө катары өтүүдө.

Эске салсак, УКМК жана Аскер прокуратурасы тарабынан МТБМКнын коррупциялык иштери боюнча тергөө жүрүүдө. Коррупцияга байланыштуу шектүү катары кармалган Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-июлга чейин камакка алынды.