«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Рузиев кармалды. Бул тууралуу  УКМК басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалгалоо фактысы боюнча Ысык-Көл облусунда «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси «жасалма документтер» жана 204-беренеси «алдамчылык» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМКда бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК Камил Рузиевден жабыркагандар болсо УКМК Ысык-Көл облустук башкармалыгынын 03922 51 18 0 жана УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн 0312 66 04 75 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.