2020-жылдын 30-майына карата маалымат боюнча республиканын аймагындагы Каракол, Чон-Ак Суу, (Ысык-Көл обл.), Куршаб, Кызыл-Суу, (Ош обл.), Исфайрам Сай, Шахимардан (Баткен обл.) гидропосторунда сутканын ичинде 1-6 мм, ал эми Нарын (Нарын обл.) 9-21 мм, Каракол (Косчан) (Ош обл.)- 11 мм, Майлуу-Суу (Жалал-Абад обл.) — 39 мм көлөмүндөгү кыска мөөнөттөгү жаан-чачын катталып сел кубулуштарын алып келди.

Дарыялардагы суунун деңгээлинде өзгөрүүлөр болуп, кээ бир дарыяларда 1-6 смге чейин көтөрүлдү, ал эми кескин Тар дарыясында 17 смге көтөрүлдү.
Дарыялардагы суунун агымы көп жылдык байкоолордун жана жогорку ченеминдеги агымында байкалып, 85-280%ды түздү. Төмөнкү ченемдеги суунун агымы: Ак-Суу, Талас (баш жагы),Нарын (Нарын ш.), Көгарт, Майлуу-Суу, Ак-Буура жана Кара-Дарыя бассейиндеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларында 41-79%да байкалды.

Республиканын аймагындагы суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормадан: Орто-Токой — 87%, Киров — 251%, Токтогул — 118%ды түздү.