31-майга карата Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Алардын ичинен 6 бейтап медицина кызматкери экенин брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган медицина кызматкерлеринин экөө Бишкекте, экөө Ош облусунда жана экөө Нарын облусунда.