Өлкөбүздө 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү, жыл сайын  жогорку деңгээлде майрамдылып келген. Бул жылы дүйнөдө жүрүп жаткан пандемиядан улам, Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн-режимде болоору кабарланган.
                          

                 Тарыхы

Эл аралык балдарды коргоо күнү эл аралык майрамдык  күндөрдүн бири. Аны өткөрүү чечими 1925-жылы Женевада балдардын жыргалчылыгы боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган. Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин, балдардын ден-соолугу мурдагыдан да актуалдуу болуп турган кезде, 1949-жылы Парижде аялдардын конгресси өттүп, анда балдар бактысынын бирден-бир кепилдиги катары бекем тынчтыкты камсыз кылуу үчүн тынымсыз күрөшүү жөнүндө ант берилген. Ошол эле жылы, Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын Кеңешинин Москва сессиясынын  2-конгрессинин чечимине ылайык, бүгүнкү майрам белгиленген.


Бир жылдан соң, 1950-жылы, 1-июнда, Алгачкы ирет Эл аралык Балдар күнү өткөрүлүп, андан кийин жыл сайын бул майрам белгиленип келүүдө.

 Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн желеги

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн желеги бар. Желекте, өсүмдүктүн, гармониянын, сергектиктин жана түшүмдүүлүктүн символу болгон жашыл фондо Жердин айланасында кызыл, сары, көк, ак жана кара түстү чагылдырган балдардын элеси түшүрүлгөн. Алар ар түрдүүлүктү жана сабырдуулукту билдирет. Чок ортосунда жайгашкан жердин белгиси биздин жалпы үйдүн символу.