Вашингтондо коменданттык саат киргизилди ММКлардын билдирүүсү боюнча АКШ борбору Вашингтондун мэри Мюриэл Боузер кечээ түнү болуп өткөн массалык баш аламандыктардан улам шаарга коменданттык саат киргизип, жардамга Колумбия борбордук округунун улуттук гвардиясын тартты.

Ал эми борбордук полициянын шефи Питер Ньюсэм Вашингтондо жекшемби күнгө караган түнү болуп өткөн баш аламандыктар боюнча 17 адам кармалганын, ошол эле учурда 11 полиция кызматкери жарбыркагандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойд деген адамдын өлүмүнөн кийин бир катар ири шаарларда баш аламандыктар башталган.