1-июндан 3-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.