ЛДПР фракциясынын башчысы Владимир Жириновский АКШнын территориясында болуп жаткан баш аламандыктар өлкөдөгү «революциялык өзгөрүүлөр» менен коштолуусу мүмкүн экендигин айтты.

«Америка революция босогосунда турат. Андыктан ал жакка шашылыш түрдө солчул жана радикалдык уюмдарды жөнөтүү зарыл. Алар АКШдан Анжела Дэвисти издеп таап, элдик көтөрүлүшкө башчы болуп берүүсүн өтүнүшсүн. Балким, мына ошондо революция ийгиликтүү аяктайт. Трамп болсо, аялдын көйнөгүн кийип алып, россиялык элчиликтин машинеси менен Россияга качып келсин!», — деген Жириновский ММКларга берген маегинде.

Мындан сырткары, Жириновский баш аламандыктар өтүп жаткан шаарлардагы полицияларга кеп-кеңеш айтып туруусу үчүн Росгвардиянын өкүлдөрүн дагы Америкага жиберүү зарыл деп эсептей тургандыгын кошумчалаган.