Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү зарылчылыгы тууралуу жалкоолордон башкалардын бардыгы айтышууда. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү коомдогу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча КР Президентинин аракеттегине колдоо көрсөтүүгө даяр. Бирок, жакынкы мезгилдерден бери мына ошондой ниеттеги адамдардын арасына Сооронбай Жээнбековдун саясий системасын ачыктан-ачык дискредитациялоочу адамдар келип кошулду.

Бүгүн алар өз билдирүүлөрү менен аракеттеги бийликке көө жаап гана тим болбой, карапайым калкты бийликке каршы демитип жаткан чагы. Сөз өздөрүнүн «Чоң Казат» кыймылы деп атап алышкан активисттер тууралуу болуп жатат. Бүгүн алар экстремисттик ураандарга жамынып алышып, өлкөгдөгү ансыз да олку-солку болуп турган саясий абалды курчутуп, кыргызстандыктарды «уурдалган мүлктү тартып алууга» чакырышууда.

Буга чейин УКМА бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамытканов, Прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев жана блогер Канат Хасановдор “олигархтардын” тизмесин түзүп чыгышышып, аларды жоопко тартууга чакырык ташташкан. Ошентип, алардын кысымына эң биринчи болуп КР ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев кириптер болгон. Активисттердин айтуусу боюнча К. Жумалиев миллиардер болуп саналат, карамагында 150 квартирасы, жүздөгөн жер участкалары, мындан сырктары Казакстанда 50дөн ашык аракеттеги фирмалары бар. «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү буларды жөн гана айтып жатышпагандыгын, аларда мунун барын тастыктаган документтердин бар экендигин айтышкан менен, тилекке каршы ал документтерди көрсөтүүдөн баш тартып келет.

Мунун өзү бул “робин гуддардын” айыптоолору жөн гана курулай жалаа жабуу дегенди билдирет. «Жумалиев – өлкөбүздө курулуп жаткан соода түйүндөрүнө, базар жана ресторандарга каражат салган анча-мынча ишкерлердин бири болуп саналат. Негизги бизнеси тууралуу айтсак – ал жаңы технологияларды жана илимий жетишкендиктерди жайылтуунун негизинде курулган. Себеби, Жумалиев бир гана илим-билим жана медицина Кыргызстанды кризистер сүйрөп чыгып кетерине ишенет-дейт Бабаев. Ошондой эле өзүнө карата тергөө иштери башталып, ММКлар кысым жасап баштагандан кийин Жумалиев өзү кетирип алган каталарын оңдоого аракет кылууда.

Айтсак, ишканаларды жабуу боюнча иш башталган: бир бөлүгүн сот аркылуу, калгандарын Юстиция министрлиги аркылуу жабат. Бүгүн Жумалиев жана анын жубайынын 10 фирма катталган, бирок Жумалиев аларды 2015-жылдын октябрына чейин эле ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген.