Өзбекстан аралыктан башкарган артиллериялык куралдарын сыноодон өткөрүүдө. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн маалыматына таянуу менен “Озодлик” сайты жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аскердик машыгуу Өзбекстандагы эң ири саналган “Каттакоргон” талаа полигонунда уюштурулган. Анда БТР-80ге жайгаштырылган 120 миллиметрдүү “Nona” артиллериясы ийгиликтүү сыноодон өткөн. Муну менен атылган октун ылдамдыгы саатына 80 чакырымга чейин тездетилген. Мындан тышкары Өзбекстанда жаңыдан иштелип чыккан бир катар алыстан башкарылуучу куралдар сыналган,-деп айтылат маалыматта.