Караколдук укук коргоочу Камил Рузиевдин үй камагына чыгарылгандыгын Ысык-Көл облустук сотунан кабарлашты.

Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди шаардык сот кабыл алдган. Ага ылайык, Рузиев үй камагына чыгарылып, саат 22:00 менен 06:00 арасында үйүндө болушу керек. Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун аймагынан ишти алып барып жаткан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт. Болбосо аны кайра камап коюшу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан «Вентус» коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганы кабарланган.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 («Документтерди жасалмалоо») жана 204-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголгон. Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.