Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарына каршы митинг өтүп жатат.

Митингге 20дай адам топтолду. Алар Атамбаевди жазага тартып, абакка камоону талап кылып жатышат.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму уланууда. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар. Алардын бири – мурунку президент Алмазбек Атамбаев.