Бүгүн, 1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарынын тургуну Акылай Маратова Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун баалуу белегин алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Өлкө башчысынын атынан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ноутбук, гүлдесте жана таттууларды тапшырып, Акылайдын окууларына ийгилик каалады.

Ал эми мэр өзүнүн атынан уюлдук телефон белекке берди.