АКШ президенти Дональд Трамп «Антифа» кыймылын террористтик уюм деп жар саларын билдирди.

Буга чейин ал Жорж Флойд аттуу адамдын полиция тарабынан өлтүрүлгөнүнөн кийин АКШда орун алып жаткан баш аламандыктарды  дал мына ушул «Антифа» кыймылы уюштуруп жаткандыгын айтып чыккан.

Өздөрүн «Антифа» кыймылы деп атагандар кимдер?

«Антифа» – бул «Антифашисттик кыймыл» деген сөз айкашынын кыскартылып алынышы. Аталган кыймыл неоулутчулдарга, фашизмге, расизмге, ошондой эле ак денелүү адамдардын башка расаларга карата жасалып жаткан үстөмдүгүнө каршы күрөшүп келет.

Аталган кыймылдын  көпчүлүк катышуучулары расизм менен сексизмдин бардык формаларына, ал эми Американын өзүндө  «Улутчул жана мусулмандарга каршы коюлган» деген кине менен Трамптын саясатына каршы иш жүргүзүшөт.

АКШда бул кыймыл тууралуу алгач ирет 2017-жылы Шарлотсвиллде өткөн  нааразылык акциясынан кийин кеп боло баштаган.