Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырга бара турганы жарыяланган.

Бүгүн социалдык тармактарда чек ара чыры чыккан жерде эл чогулган видео тарап жатат. Анда Баткен облусунун Чечме айылынын тургундары биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл менен жолукпай койгону айтылат.

Видеонун автору “Боронов келиптир. Бирок, ал бул жерде турган эл менен жолукпай, элдин көйгөйүн, элдин үнүн укпай туруп, Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүгө кирип кетиптир. Минтип жоокерлерди алып келиптир, булар элди кубалап атат. Булар элди эмес, Бороновду коргоп жатышат”, – дейт ал.

https://www.youtube.com/watch?v=H-pP6KFmTog&feature=emb_title