Таза сууга муктаж болуп келген Ак-Бата конушунун тургундарынын көйгөйү чечилди.  «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ак-Бата жаңы конушуна чектеш 2100 тургуну бар МТВ-2 аймагында жаңы резервуар салынып, таза суу көйгөйү чечилди. Фонд жетекчиси Нурмухаммед Миӊбаев бул биринчи жана акыркы иш чаралардан эмес деп кошумчалады.

Маалым болгондой, аталган фонд өкмөттүн «таза суу» долбоорун колдоп Кыргызстандын таза сууга муктаж айыл-кыштактарында калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн ийгиликтүү иш алып барууда.