Бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 21 бала тарбияланып жаткан «Боорукердик» үй-интернатынан кабар алды. Шаар башчысы балдарга кийим-кече, таттууларды, баалуу белектерди тапшырды.

Ошондой эле сыналгы белек кылып, бийге жана ырга шыктуу балдардын талантын өркүндөтүүгө салым кошуу максатында музыкалык аппарат алып келип берүү тапшырмасын берди.

Шаар башчысы демөөрчүлөр менен биргеликте үй-интернатында тарбияланып жаткан 5 бир тууганга шаарда курулуп жаткан элиталык үйлөрдүн биринен батир белекке бере тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 5 бир туугандын апасы 2013-жылга чейин балдарын өзү тарбиялап, ошол жылы турмуштун оор шартына байланыштуу “Боорукердик” үй-интернатына тапшырган. Балдарын апасы Снежана 2018- жылы каза болгон.

Ошондой эле, аталган балдар үйүнө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имарат курулууда.