Бишкекте 1-июндан тарта бир нече ишкерчилик субъекттердин иши жанданды (тизмеси) – Алымкулов
Бүгүн өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов бүгүн, 1-июндан тарта кайсы ишкерчилик субъекттердин иши жанданганын жана 5, 8-июндан тарта кайсы тармактар иштеп баштай турганын айтып берди.
Анын айтымында 1-июндан тарта төмөнкү экономиканын субъекттери ишин жандандырууда.
1. Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
2. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
3. Аудит жана консалтингдик компаниялар;
4. Жарнама агенттиктери;
5. Туристтик жана рекреациялык объекттер (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо шарты менен.
5-июндан тарта:
1. Бала бакчалар;
2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) санитардык-гигиеналык ченемдерди жана окуучулар арасында аралыкты сактоо шарты менен).
8-июндан тарта:
1. Ички аба каттамы («Бишкек-Ош» каттамы).
Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:
— маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
— көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
— интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
— кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
— соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын (фуд-кортор) ишмердүүлүгү;
— балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);
— автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.