Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, 30-майда Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон катуу шамалдан улам 43 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, Уттар-Прадеш штатынын башчысы Йоги Адитьянатх жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун ар биринин үй-бүлөсүнө 400 миң рупий (392 миң сом) төлөп берүүнү тапшырган.

Мындан сырткары  шамалдын кесепети шаардагы бир нече имаратты жараксыз абалга келтирген.

Учурда аталган штатта бүгүн  да секундасына 50-60 метрге жеткен катуу шамал орун алганы айтылууда.